Индияда жол кырсыгынан тогуз адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 19 Июнь 2025 15:29
WhatsApp Image 2025-06-19 at 14.44.24.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Индиянын түштүк-батышындагы Махараштра штатында жол кырсыгынан кеминде тогуз адам каза болду. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, дагы үч адам, анын ичинде бир бала жабыркап, жакын жердеги мамлекеттик ооруканага жеткирилген.

Пуна районундагы Жежури-Моргоон жолунда өтө катуу ылдамдыкта келе жаткан жеке унаа токтоп турган унааны сүзүп кеткен.