Индияда жасалма спиртке ууланып 15 адам каза болду

Дүйнө 862 14 Май 2025 11:49
WhatsApp Image 2025-05-14 at 07.33.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-14 at 07.33.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-05-14 at 07.33.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-05-14 at 07.33.13 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 14.05.25. /Кабар/. Индиянын түндүгүндөгү Пенжаб штатында жасалма спирт ичимдигине ууланып 15 адам каза болуп, дагы алты адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя күн мурун аймактын Бхангали, Паталпури, Марари Калан, Теревал жана Талванди Гуман айылдарында болгон.

“13-май күнү кечки саат 21:30 чамасында биз жасалма спирт ичимдиктерин ичкен адамдар каза болуп жатканы тууралуу маалымат алдык. Дароо чара көрүп, төрт адамды кармап, негизги жеткирүүчү Парабжит Сингхти камакка алдык. Спиртти кайсы фирмалардан сатып алганын иликтеп жатабыз”,- деп белгиледи Амритсар полициясынын басма сөз катчысы Маниндер Сингх.

Учурда окуя боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.