Бишкек, 25.08.25. /Кабар/. Индияда трактор менен автобус кагышып, 8 киши каза болду. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Индиянын Мадхья-Прадеш штатынын административдик борборундагы Гуна шаарынын айланма жолунда болгон.
Автобус Махараштрадан Уттар-Прадешти көздөй бара жаткан. Ичинде 70ке жакын адам болгон. Алардын көбү башка штаттагы жумушунан үйлөрүнө бара жатышкан.
Болжол менен 55-60 жүргүнчү жабыркаган.