Индияда суу ташкын жана жер көчкүдөн 56 адам каза тапты

Дүйнө 28 сентябрь 2026 08:55
Индияда суу ташкын жана жер көчкүдөн 56 адам каза тапты

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 28.09.26. /Кабар/. Суу ташкындары жана жер көчкүлөрдөн улам Индияда 56 адам каза тапты, деп билдирет Казинформ.

Маалыматка ылайык, Индиянын Уттар-Прадеш штатында 25-сентябрдан 27-сентябрга чейин катуу жамгыр жааган.

Куткаруу кызматтары суу каптаган аймактарда иштөөнү улантууда.

Бийлик ошондой эле гуманитардык жардам таратып, айыл чарбасына келтирилген зыянды баалап жатышат.

56 каза болгон адамдан тышкары, Индияда 46 адам жаракат алып, миңден ашык үй жабыркады.