Индияда нөшөрлөп жааган жамгырдан 50дөн ашуун адам каза болду

Дүйнө 3 июль 2025 16:40
Индияда нөшөрлөп жааган жамгырдан 50дөн ашуун адам каза болду

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Индиянын Химачал-Прадеш штатында нөшөрлөгөн жамгырдан кеминде 51 адам каза болуп, 22 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, 204 үй жабыркап, анын 22си толугу менен талкаланган. Ошондой эле 84 имарат, анын ичинде дүкөндөр, үйлөр жана жумушчулардын үйлөрү жабыркаган.

“Сел, жер көчкү, чагылган жана жол кырсыктарынан жалпы 51 адам каза болуп, 103 киши жаракат алды”,- деп айтылат маалыматта.