Бишкек, 28.08.25. /Кабар/. Индиянын Жамму жана Кашмир штаттарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам пайда болгон сел жана жер көчкү 34 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, куткаруу иштеринин жүрүшүндө кырсык болгон аймактардан 3 миң 500дөн ашуун адам эвакуацияланган.
Жаандан улам аталган штаттардын инфраструктурасына чоң зыян келтирилип, көпүрөлөр урап, телекоммуникациялык түйүндөрдүн бузулушуна алып келген.
Мындан тышкары, темир жол жана автотранспорттун ишинде үзгүлтүктөр катталып, айрым каттамдар жабылып, көптөгөн каттамдарда поезддер токтотулган.