Индияда митингдеги тепсендиде 36 адам каза болду

Дүйнө 29 сентябрь 2025 11:00
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11.jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-09-29 at 10.14.11 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 29.09.25. /Кабар/. Индиянын түштүгүндөгү Тамил Наду штатында өткөн саясий митинг учурундагы тепсендиде 36 адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү булактарга таянуу менен, Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, каза болгондордун арасында кеминде 16 аял, тогуз эркек жана алты бала бар.

Тамил Наду штатынын башкы министри Мутхувел Карунаниди Сталин билдиргендей, мындан сырткары дагы эсин жоготкон бир нече киши ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле министр каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион рупий өлчөмүндө компенсация төлөнөрүн жана окуя боюнча тергөө башталганын кошумчалаган.