Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Күн мурун Индиянын түштүгүндөгү Бангалор шаарында крикет стадионундагы тыгында кеминде 11 адам каза болуп, 50 киши жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, миңдеген крикет күйөрмандары Royal Challengers Bengaluru (RCB) Индиянын Премьер-Лигасынын биринчи титулун жеңип алганын майрамдоо үчүн чогулган Мангалам Чиннасвами стадионунун алдында тепселендиде калышкан.
“Жабыркагандар Боуринг, Леди, Керзон Вайдехи ооруканаларына жеткирилди. Жети адам Боуринг ооруканасында, төртөө Вайдехи ооруканасында каза болду”,-деп айтылат маалыматта.
Агенттик белгилегендей, RCB 18 жылда биринчи жолу лига титулун жеңип алган. Бул алардын кумирлерин көрүү үчүн стадионду толтурган күйөрмандардын тыгынына алып келген.