Бишкек, 16.06.25. /Кабар/. Бүгүн Индиянын Махараштра штатынын Пуна шаарында көпүрө кулап, төрт турист каза болду. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык жыл сайын көп адам зыярат кылган туристтик жай Кундмала районунда болгон.
Кырсыктын кесепетинен дагы бир нече адам сууга чөгүп каза болгону болжолдонууда.
Учурда окуя болгон жерде полиция жана куткаруу кызматкерлери, анын ичинде табигый кырсыкка каршы күрөшүү боюнча улуттук күч (NDRF) иш алып барууда.
“Каза болгондордун үй-бүлөлөрү компенсация алышат, ал эми жабыркагандарды дарылоого кеткен чыгымдарды өкмөт өз мойнуна алат”,-деп айтылат маалыматта.
Ошол учурда көпүрөдө болгон жергиликтүү тургун Амолдун айтымында, көпүрө кулаганга чейин беш мүнөт бою солкулдап турган.
“Жергиликтүү тургундар буга чейин 4-5 жыл мурун реконструкцияланган көпүрөнүн бекемдигине тынчсызданып келишкен. Бирок көптөгөн туристтер коркунучту билишкен эмес”,-дейт Амол.