Бишкек, 02.07.25. /Кабар/. Индиянын түштүгүндөгү Sigachi Industries компаниясына таандык химиялык заводдо жарылуу болуп, кеминде 39 киши каза болуп, 34ү жараат алды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, ишкана күн мурун жабдыктар менен объектилердин бузулушуна байланыштуу ишин 90 күнгө токтоткон.
Эске салсак, жарылуу штаттын борбору Хайдарабаддан 48 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан Пашамиларам өнөр жай аймагында болгон.
Жергиликтүү полиция жаракат алгандардын абалы оор экенин эске алуу менен каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт.
Жарылуу болгон учурда ишканада 150дөй жумушчу болгон.
Полициянын алдын ала иликтөөсүнө караганда, реактор АЭСтеги пландуу операциялар учурунда жарылган.