Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Күн мурун Индиянын түштүгүндөгү Телангана штатында химиялык заводдо реактор жарылып, сегиз киши каза болуп, 26 киши жараат алды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.
Маалыматка караганда, жарылуу штаттын борбору Хайдарабаддан 48 чакырым түндүк-батыш тарапта жайгашкан Пашамиларам өнөр жай аймагында болгон.
Жергиликтүү полиция курман болгондордун айрымдарынын абалы оор экенин эске алуу менен каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн деп эсептейт.
Жарылуу болгон учурда ишканада 150дөй жумушчу болгон.
Полициянын алдын ала иликтөөсүнө караганда, реактор АЭСтеги пландуу операциялар учурунда жарылган.