Индияда фейерверк чыгарган фабрикада жарылуу болду

Дүйнө Загрузка... 17 Июнь 2025 11:40
WhatsApp Image 2025-06-17 at 10.17.01.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.06.25. /Кабар/. Индиянын түндүгүндөгү Уттар-Прадеш штатындагы фейерверк чыгарган фабрикада жарылуудан кеминде төрт киши каза болуп, тогуз киши жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.

Маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар полицияга катуу жарылуу болуп, имарат урап, жумушчулар урандылардын астында калганын билдиришкен.

“Жардыруунун кесепетинен төрт аял каза болуп, тогуз киши жарадар болду. Жаракат алгандар ооруканага жеткирилип, каза болгондор райондук ооруканага экспертизага жөнөтүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, эки жабырлануучунун абалы оор деп бааланууда. Учурда полиция иликтөө иштерин жүргүзүп, куткаруу иштери уланууда.

Эске салсак, буга чейин майда Индиянын түндүк-батышындагы Пенжаб штатындагы фейерверк чыгарган фабрикада болгон жарылуудан кеминде беш киши өлүп, 34 киши жарадар болгону кабарланган.