Индияда COVID-19 менен ооругандардын саны кескин өстү

Дүйнө Загрузка... 03 Июнь 2025 09:16
3c0f9d12-9997-4c53-8b66-415223592c19.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.06.25 /Кабар/. Индияда COVID-19 менен ооругандардын саны кескин өстү. Бул тууралуу Казинформ жазды.

Агенттиктин маалыматына караганда, ооругандардын жалпы саны өткөн аптада 257ден 3 миң 395ке жеткен.

Эң көп Керала штатында – 1 миң 336 учур жана Махараштра штатында - 467 учур. Ошондой эле өлкөнүн борбору Нью- Дели шаарында – 375 учур катталган.

“10 күндүн ичинде бул көрсөткүч 10 эседен ашык өстү. Акыркы суткада оорудан төрт адам каза болду”,-деп айтылат агенттиктин маалыматында.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, инфекциянын жаңы учурларынын көбү жеңил.

Анткен менен бийлик жарандарды сак болууга жана эл көп чогулган жерлерде беткап тагынууга, социалдык аралыкты сактоого жана колдун жана үй ичиндеги гигиенаны сактоого чакырды.