Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Кыргызстандын тарыхында эл аралык математика олимпиадасында (IMO) алгачкы алтын медалды алып келген Назар Киргизбаев Массачусетс технологиялык институтуна (MIT) кабыл алынды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-декабрда MIT 2026-окуу жылына кабыл алуу боюнча эрте тапшыруу этабынын (Early Action) жыйынтыктарын жарыялады. Кабыл алынган абитуриенттердин катарында Назар Киргизбаев да бар.
Акыркы эки жылда Назар Киргизбаев Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасынан MITке өткөн төртүнчү окуучу болду. Мындан мурда бул окуу жайга Тилек Аскербеков, Элдар Искандеров жана Искен Кенжебаев кабыл алынган.
Назар Киргизбаевди Кыргызстандын математика боюнча улуттук курама командасынын жетекчиси жана башкы машыктыруучусу Мамат Ишматов даярдаган.
Назар Киргизбаев №61 жалпы билим берүү орто мектебинин бүтүрүүчүсү. Учурда ал "Маариф" билим берүү комплексинде Cambridge A-Level программасы боюнча билим алып, эл аралык стандарттарга ылайык университеттик окууга даярданып жатат.