Имамдарга стипендия бериле баштады - муфтият

Коом Загрузка... 15 Май 2025 12:30
95826592-7fec-4b50-9df0-572417730dab.jpg
copyright icon Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы

Бишкек, 15.05.2025. /Кабар/. 2025-жылдын апрель айынан баштап Кыргызстан боюнча бардык аймактардагы мечит имамдарына стипендия бериле баштады. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Бул маанилүү чечим дин кызматкерлерин колдоо, диний тармакты бекемдөө жана коомдогу туура диний түшүнүктү өнүктүрүү максатында ишке ашууда.

"Дин – элдин жүрөгүн, коомдун багытын, жаш муундун рухий дөөлөтүн калыптандырган күчтүү институт. Андыктан, имамдарга берилген бул каражат жөн гана эмгек акы эмес, бул дин кызматкерлеринин эмгегин баалоо", - деп белгилешти муфтияттан.