Бишкек, 21.10.25 /Кабар/. SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү Илон Масктын Starship кемеси биринчилерден болуп толук кандуу Айга учуу миссиясын ишке ашырат. Бул тууралуу ал Х социалдык тармактагы баракчасына жазганын Интерфакс билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, Starship 2027-жылы NASAнын Artemis программасынын алкагында адамдарды Айга кондурууну пландап жатат. Ал кемени адамдар менен учууга 2026-жылы эле даяр кылууну көздөйт.
Ал эми Кытай болсо өзүнүн Айга конуусун 2030-жылга белгилеген.
Starship — бул SpaceXтин көп жолу колдонулуучу ракета системасы. Ал эки бөлүктөн турат: космостук кеме Starship жана алып көтөрүүчү ракета Super Heavy. Толугу менен бул система 120 метрден бийик, дүйнөдөгү эң узун ракета болуп саналат.
Super Heavy NASAнын SLS ракетасына караганда эки эсе кубаттуу. Ракета буга чейин 11 жолу сыноо учуусун жасап, алардын бешөө ийгиликсиз аяктаган.