Илон Маск кайрадан триллионер аталды

Дүйнө 6 октябрь 2026 09:10
Илон Маск кайрадан триллионер аталды

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.10.26. /Кабар/. Америкалык ишкер Илон Масктын байлыгы Tesla жана SpaceX компанияларынын акциялары кымбаттагандан кийин кайрадан 1 триллион доллардан ашты. Бул тууралуу Forbes журналына таянуу менен ТАСС маалымдады.

Forbes агенттигинин маалыматында, 5-октябрдагы биржалык соодада Масктын байлыгы 2-октябрга салыштырмалуу 30,6 млрд долларга көбөйүп, 1 триллион долларга жеткен. Ал дүйнөдөгү эң бай адам бойдон калууда. Экинчи орунда турган Жефф Безостун байлыгы 371,5 млрд доллар деп бааланат.

Маск июнь айында SpaceX компаниясы Nasdaq биржасына чыккандан кийин биринчи жолу триллионер болгон. Бирок бир нече күндөн кийин SpaceX жана Tesla компанияларынын акцияларынын арзандашынан улам бул макамынан ажыраган.

Акыркы күндөрү эки компаниянын акцияларынын өсүшү Масктын байлыгын кайрадан триллион доллардык чекке жеткирди. 2-октябрда Tesla компаниясынын унаа жеткирүүлөрү аналитиктер күткөндөн жогору болгондон кийин ишкердин байлыгы бир күндө 61 млрд долларга өскөн.

5-октябрда Teslaнын акциялары 1 пайыздан ашык, ал эми SpaceXтин акциялары 5 пайыздан көп кымбаттап, бир акциясы 167 долларга жеткен. SpaceXтин акцияларынын өсүшүнө өткөн аптада Starship кемесинин орбитага ийгиликтүү чыгарылышы да таасир эткен.