Илон Маск дүйнөдө байлыгы 400 млрд доллардан ашкан биринчи адам болду

Дүйнө Загрузка... 10 Сентябрь 2025 14:50
fd21738212141f9ba3b.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 10.09.25. /Кабар/. Илон Маск АКШдагы эң бай адам болуп төртүнчү жыл катары менен өз ордун сактап калды. Ал байлыгы 400 миллиард доллардан ашкан эң алгачкы адам болду, деп билдирди Forbes журналы.

"Илон Маск Forbes 400 рейтингинде байлыгы 400 миллиард доллардан ашкан биринчи адам болуп калды. Ал төртүнчү жыл катары менен Американын эң бай адамы катары калууда, анын байлыгы 428 миллиард доллар", — деп жазат басылма.

Белгиленгендей, Масктын байлыгы жыл ичинде 128 миллиард долларга өскөн, анткени электромобилдерди өндүрүүчү Tesla, ошондой эле SpaceX космостук компаниясы жана жасалма интеллект стартапы xAI акцияларынын наркы өскөн.

Экинчи орунду Oracle компаниясынын негиздөөчүсү Ларри Эллисон ээледи – анын байлыгы жыл ичинде 101 миллиард долларга өсүп, 276 миллиард долларга жеткен. Үчүнчү орунда Meta* уюмунун (Россия Федерациясында экстремисттик уюм катары тыюу салынган) негиздөөчүсү Марк Цукерберг турган, анын байлыгы 253 миллиард долларга бааланган.

Forbes журналынын эсептөөлөрүнө ылайык, АКШдагы эң бай 400 адамдын жалпы байлыгы тарыхтагы эң жогорку көрсөткүчкө — 6,6 триллион долларга жетти. Акыркы 12 айдын ичинде бул сумма 1,2 триллион долларга өстү.

Журнал белгилегендей, быйыл рейтингке кирүү үчүн керектүү минималдуу байлык рекорддук 3,8 миллиард долларды түздү. Бул 2024-жылдагы эң төмөнкү көрсөткүчтөн 500 миллион долларга көп.

Forbes тизмесиндеги 400 америкалык миллиардерлердин жалпы байлыгынын дээрлик жарымы — 3 триллион доллар — болгону 20 адамдын колунда топтолгон. Алардын ичинен 15 адамдын байлыгы 100 миллиард доллардан башталат.