Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Узап бараткан жыл Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишмердүүлүгүн уюштуруунун жана башкаруу системасын калыптандыруунун негизги этабы болду. Бул тууралуу аталган министрликте өткөн жыйында айтылды.
Анда белгиленгендей, министрлик 2025-жылдын 12-майында президенттин жарлыгы менен түзүлгөн. 2-июлда министрликтин жобосу, башкаруу схемасы жана ведомствого караштуу уюмдар жөнүндө жоболор бекитилди. Бул чечимдер министрликтин толук форматта ишке киришине шарт түздү.
Министрликтин түзүмүнө кирген мекемелер:
- Жогорку аттестациялык комиссия,
- Жогорку окуу жайлар,
- Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду,
- “Инновациялык борбор” мамлекеттик мекемеси.
Борбордук аппарат, аймактык бөлүмдөр жана ведомствого караштуу түзүмдөр толук калыптандырылды. Айрым штаттык бирдиктер Билим берүү жана илим министрлигинен өткөрүлүп, институттук туруктуулук камсыздалды жана кадрдык резерв түзүлдү.
Ошондой эле илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты мындан ары натыйжалуу ишке ашырууга бекем уюштуруучулук негиз болду.
Министрликке жүктөлгөн функцияларга ылайык, илимди, жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүүнү өнүктүрүү, илимий кадрларды аттестациялоо тутумун өркүндөтүү, инновациялык ишмердүүлүктү колдоо, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоо ишке ашырылат.