Иликтөөнүн жыйынтыгы. ӨКМдин бир катар аскер кызматкерлери жоопкерчиликке тартылып, айрымдары жумушунан бошотулду

Коом 12 май 2025 13:20
497457994_1092291932943532_2000528616003310259_n (1).jpg
495908680_1092292222943503_4659348830704383648_n.jpg
497478938_1092292156276843_6385992526038930846_n.jpg
497503820_1092292092943516_7191851703202937623_n.jpg
Алдыга
Артка
497457994_1092291932943532_2000528616003310259_n (1).jpg
495908680_1092292222943503_4659348830704383648_n.jpg
497478938_1092292156276843_6385992526038930846_n.jpg
497503820_1092292092943516_7191851703202937623_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматында белгиленгендей, министрликтин аскердик бөлүктөрүнүн биринде 2025-жылдын февраль айында уставдык тартиптердин жана кызматтык тартиптин одоно бузулушу катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бул факты боюнча министрликтин тийиштүү кызматтарынын катышуусунда ыкчам ички иликтөө иштери жүргүзүлгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгында аталган аскердик бөлүктүн командалык курамы жана окуяга тиешеси бар аскер кызматкери катуу кызматтык жоопкерчиликке тартылган.

Тартиптик териштирүүнүн жыйынтыгына ылайык, жарандык жана кызматтык жоопкерчиликти бузган кызматкерлер ээлеген кызматтарынан бошотулган.

11-майда окуя тууралуу видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин министр жана анын биринчи орун басары А.Мамбетов аталган аскердик бөлүккө барып, аскер кызматчыларынын ата-энелери менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө ата-энелер менен ачык диалог жүргүзүп, буга чейин көрүлгөн чаралар тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле министр мындай учурларда өз убагында министрликке, Аскер кызматчыларынын ата-энелеринин коомдук бирикмелерине жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга кайрылуунун маанилүүлүгүн белгиледи. Мындан тышкары, аскерлер үчүн шарттарды жакшыртуу, анын ичинде спорттук инвентар менен камсыз кылуу жана дене тарбияга убакыт бөлүү маселелери көтөрүлдү. Өзгөчө көңүл жоокерлердин моралдык-психологиялык абалын бекемдөөгө бурулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уставдык жана кызматтык тартипти бузган бардык көрүнүштөрдү кескин айыптап, мындай учурларга карата катуу тартиптик чаралар көрүлөрүн белгилейт.

Эске салсак, аскердик кызматын өтөп жаткан жоокерлерге карата зомбулук колдонулган учур тартылган видео 11-майда социалдык тармактарда тараган.

Окуядан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123-аскер бөлүгүнүн офицери тарабынан милдеттүү аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлерге карата зомбулук колдонуу фактысы боюнча Аскер прокуратурасы кылмыш иши козгогону маалым болду.