“Илбирс” компаниясы аскердик багыттагы брондолгон унааларды чыгарат

Экономика 15 октябрь 2026 17:00
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Кыргызстандагы “Илбирс” компаниясы Куралдуу күчтөрдүн муктаждыктары үчүн жеңил брондолгон жана атайын багыттагы унааларды чыгарат. Бул тууралуу компаниянын башкы директорунун орун басары Эрнест Молдошев “Кабар” KYRGYZSTAN EXPO – 2026 жана EXPO EURASIA KYRGYZSTAN – 2026 эл аралык көргөзмөлөрүндө агенттигине билдирди.

Анын айтымында, компания чыгарган унаалар толугу менен Кыргызстандын аймагында жергиликтүү адистер тарабынан чогултулат. Учурда өндүрүштүн айрым бөлүктөрүн жергиликтештирүү пландалууда.

“Бүгүнкү күндө төрт үлгүдөгү брондолгон унааны сунуштап жатабыз. Алар Куралдуу күчтөрдө, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарда колдонулушу мүмкүн. Мындан тышкары, унаалар акча жана башка баалуу жүктөрдү ташууга да ылайыктуу”, — деди ал.

Молдошев белгилегендей, унаалар ар кандай милдеттерге ылайык жабдылышы мүмкүн. Алардын арасында командалык-штабдык, чалгындоо, колонналарды коштоо жана инженердик унаалар бар. Ошондой эле аларга атайын тепкичтерди, тосмолорду бузууга каршы жабдууларды, суу аткычтарды жана башка кошумча каражаттарды орнотууга болот.

Компаниянын өкүлү брондолгон унаалардын негизги өзгөчөлүктөрү катары маневр жасоо мүмкүнчүлүгүн жана согуш талаасындагы туруктуулугун атады. Анын маалыматына караганда, компания башкы өнөктөшү “Инках” менен кызматташып келет жана аскердик багыттагы продукцияны өндүрүүгө жана сатууга лицензиясы бар.