ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаңы жетекчи келди

Кадрлар жана дайындоолор Загрузка... 21 Февраль 2026 13:35
photo_5244917391211304766_y.jpg
copyright icon Ички иштер министрлиги

Бишкек, 21.02.26 /Кабар/. Рыскелдиев Мирлан Канатбекович Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын башчысы болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиришкендей, буга чейин ал аталган кызматтын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Жаңы дайындалган жетекчинин алдына мыйзамдуулукту камсыз кылуу, кызматтык тартипти чыңдоо жана өздүк курам арасындагы бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштин натыйжалуулугун жогорулатуу милдеттери коюлду.