ИИМде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылып, тапшырмалар берилди

Коом
725eb703-fdb7-4445-8f2b-221f64d36ea3.jpeg
de216390-8e42-4fce-ad4d-50eb18b119a9.jpeg
1403379d-9e85-4106-ae4b-26acbb775c04.jpeg
7923e6c7-90d1-4c4e-8c6c-90963aee74db.jpeg
Алдыга
Артка
725eb703-fdb7-4445-8f2b-221f64d36ea3.jpeg
de216390-8e42-4fce-ad4d-50eb18b119a9.jpeg
1403379d-9e85-4106-ae4b-26acbb775c04.jpeg
7923e6c7-90d1-4c4e-8c6c-90963aee74db.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon ИИМ

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Ички иштер министрлигинде министр Улан Ниязбековдун төрагалыгы алдында ведомствонун 2026-жылдын 9 айындагы ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык отурум өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жыйында калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү, санариптештирүү багытын улантуу, үй-бүлөлүк зомбулукка жана жашы жете электер арасындагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери каралды. Ошондой эле интернет аркылуу жасалган алдамчылыктын алдын алуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана өздүк курам арасында тартипти чыңдоо милдеттери коюлду.

Коллегиянын жыйынтыгында ички иштер министри Улан Ниязбеков жетекчилерге ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча бир катар артыкчылыктуу тапшырмаларды берди.