Кыргызстанда бардык сейсмостанциялар жаңыланды

Коом
WhatsApp Image 2026-10-29 at 14.52.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 14.52.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-29 at 14.52.45.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-29 at 14.52.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Кыргызстанда сейсмикалык байкоо жүргүзүү системасы жаңыланып, бардык станциялар адамдын түздөн-түз катышуусуз иштеген заманбап жабдууларга алмаштырылган. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун илимий жетекчиси, сейсмолог Канат Абдрахматов билдирди.

Анын айтымында, жаңы жабдуулар аркылуу сейсмикалык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүп келет. Жалпысынан 24 сейсмикалык станция жаңыланган.

Ошондой эле учурда белгилүү бир аймакта алдыдагы 100 жыл ичинде күчтүү же алсыз жер титирөөлөрдүн болушу ыктымалдыгын көрсөтүүчү жаңы карталар иштелип чыккан.

“Бул карталар мурда колдонулуп келген карталардан кескин айырмаланат. Ал эми ири гидротехникалык курулмалар сыяктуу кооптуулугу жогору объектилер үчүн өзүнчө карталар бар”, — деди Канат Абдрахматов.