Бишкек, 31.07.26. /Кабар/. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактарда жана мессенджерлерде жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалган алдамчылык мүнөздөгү жасалма видеолордун жайылып жатканы тууралуу эскертти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, кылмышкерлер укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин сүрөттөрүн мыйзамсыз пайдаланып, алардын атынан жалган маалыматтар камтылган жасалма видеолорду таратышууда.
“Мындай материалдардын Ички иштер министрлигине эч кандай тиешеси жок жана алар жарандарды алдоо максатында гана таратылууда”, - деп белгилешти ИИМден.
Ушуга байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат:
- атактуу инсандардын же мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин сүрөттөрүн колдонулган шектүү видеолорго ишенбөө;
- белгисиз шилтемелерге өтпөөгө жана өзүнүн жеке маалыматтарын, банктык карталарынын реквизиттерин, ырастоо коддорун жана башка купуя маалыматтарын эч кимге бербөөгө;
- маалыматтын чын-төгүнүн Ички иштер министрлигинин расмий маалымат булактары аркылуу гана текшерүү зарыл.