ИИМ Кырчында коноктор үчүн атайын автобустарды уюштурду

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 10:15
copyright icon ИИМ

Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ички иштер министрлиги жарандар жана чет өлкөлүк коноктор үчүн атайын автобустарды уюштурду.

Ведомствонун маалыматына караганда, учурда милициянын автобустары жайлоого келген жарандарды жана туристтерди ташып, алардын коопсуз жана ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүүдө.

”Бул чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторго зарыл жардам көрсөтүүгө, ошондой эле алардын эс алуусу жана жүрүп-туруусу үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган”, - деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу менен катар, конокторго транспорттук жана башка зарыл көмөк көрсөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.