ИИМ: Даниэл Ажиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Коом 6 март 2026 17:00
ИИМ: Даниэл Ажиев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Мыйзамсыз вебкам студияларды уюштурууга айыпталып, мурда соттолгон Даниэл Ажиев кайрадан кармалды. Бул маалыматты "Кабар" агенттигине Ички иштер министрлигинен тастыкташты.

Ведомствонун алдын ала маалыматына ылайык, шектүү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кармалган учурда Даниэл Ажиевдин жанынан баңгизатка окшош заттар табылганы кабарланууда.