Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Иерусалимде археологдор 2100 жылдан ашык убакыт мурун Хасмонеев династиясынын маалында курулган байыркы шаардын дубалынын бир бөлүгүн тапты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги билдиргенин Интерфакс жазды.
Маалыматка караганда, сакталган пайдубалдын узундугу дээрлик 50 метрге жана туурасы 5 метрге чейин жетет.
Изилдөөчүлөрдүн баамында, бул Иерусалимде табылган шаар дубалынын эң узун жана эң толук сакталган бөлүктөрүнүн бири.
Казуу иштери Кишле аймагында, мурдагы аскердик базада жана кийинчерээк түрмө болгон жерде жүргүзүлдү.
Алгачкы казуу иштери 1999-жылы башталган. Кийин 2023-жылы иштер жанданган. Табылган дубалдардын өлчөмү эки олимпиадалык бассейндин аянтына барабар.