ИДП 960 млрд сомго жетти: Өкмөт 6 айдын экономикалык жыйынтыгын жарыялады

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 12:20
748541180_1272802475913328_1262419540045809707_n.jpg
748016048_1787058909410115_3729170883898834287_n.jpg
751071345_1351900333120229_2440001267889485410_n.jpg
750586008_1056230486966127_6535519509956289329_n.jpg
750183339_1033358059299685_5033248561731608281_n.jpg
750644436_1009382275423794_722838899668941143_n.jpg
750585694_1056460940719067_5281600908710970361_n.jpg
748573271_4524837491085880_7214756384335061774_n.jpg
749036193_27767850092877377_6919912790667136807_n.jpg
751021698_1518479432829152_3640856258332915836_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгын чыгарды.

Минккаб башчысы алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгында ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 960,0 млрд сомду түзгөнүн, ал эми реалдуу өсүү темпи 11,9% жеткенин белгиледи.

"Кыргыз Республикасы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин арасында ИДПнын өсүү темпи боюнча биринчи орунду ээлейт. Өсүш экономиканын бардык тармактарынын салымы менен камсыз кылынат. Курулуш тармагы 69,6% өстү, тейлөө чөйрөсү — 6,0%, айыл чарба — 4,3%. Өнөр жайда өсүү 12,8% түздү. Төмөнкү тармактарда эң жогорку темптер катталды: химиялык продукцияны өндүрүү — 2,9 эсе; фармацевтикалык продукцияны өндүрүү — 1,8 эсе; транспорт каражаттарын өндүрүү — 40,7%; курулуш материалдарын өндүрүү — 33,4%; негизги металлдарды өндүрүү — 11,9%; тамак-аш азыктарын өндүрүү — 8,2%; кен байлыктарды казып алуу — 12,8%. Бул экономиканын өнүгүүсүндө абдан позитивдүү динамиканы көрсөтүп турат", — деди Адылбек Касымалиев.

Анын айтымында, жыл башынан бери негизги капиталга инвестициялардын өсүү темпи да жогорулап жатат. Алардын көлөмү 204,4 млрд сомду түзүп, 64,3% көбөйдү. 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү ички каржылоо булактарынын 1,5 эсе жана тышкы булактардын 3,2 эсе өсүшүнүн эсебинен камсыз болду.

Минкаб жетекчиси ошондой эле 2026-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси 454 миллиард 251,8 миллион сомду түзгөнүн, бул пландалган көрсөткүчтөн 22 миллиард 652,7 миллион сомго ашканын белгиледи. План 105,3% аткарылды.

Мамлекеттик салык кызматынын кирешеси 191 миллиард 620,0 миллион сомду түздү, бул пландан 7 миллиард 442,7 миллион сомго көп. План 104,0% аткарылды.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын кирешеси 87 миллиард 380,4 миллион сомду түздү, бул пландан 4 миллиард 385,8 миллион сомго жогору. План 105,3% аткарылды.

Жыйындын соңунда Адылбек Касымалиев иштин жогорку темпин сактап калуу зарылчылыгын баса белгиледи.