ИДП 10,1%га өстү: Кыргызстандын экономикасы жыл башында секирик жасады

Министрлер кабинети 20 Апрель 2026 11:00
69e5ae07861a8 (1).jpeg
69e5adff75da9 (1).jpeg
69e5ae882cb14.jpeg
69e5ae8096004.jpeg
69e5ae07861a8.jpeg
69e5ae067f179.jpeg
69e5ae0409ac3.jpeg
69e5ae056777d.jpeg
69e5ae0338e4d.jpeg
69e5ae01455c9.jpeg
69e5adff8c9c5.jpeg
69e5adff75da9.jpeg
Алдыга
Артка
69e5ae07861a8 (1).jpeg
69e5adff75da9 (1).jpeg
69e5ae882cb14.jpeg
69e5ae8096004.jpeg
69e5ae07861a8.jpeg
69e5ae067f179.jpeg
69e5ae0409ac3.jpeg
69e5ae056777d.jpeg
69e5ae0338e4d.jpeg
69e5ae01455c9.jpeg
69e5adff8c9c5.jpeg
69e5adff75da9.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кезектеги аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын биринчи чейрегинде өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы, делегациянын АКШнын Вашингтон шаарына жасаган иш сапарынын жыйынтыгы, ошондой эле жазгы талаа иштерине даярдыктын жүрүшү каралды. 

Жыйындын алкагында 2026-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,1%га көбөйүп, 428,6 млрд сомду түздү.

Экономиканын негизги секторлору боюнча өсүш динамикасы:

  • Курулуш: +29,6%;
  • Кызмат көрсөтүү чөйрөсү: +7,7%;
  • Айыл чарбасы: +2,8%;
  • Өнөр жай: +14,0%.

Минкаб башчысы өнөр жай өндүрүшүндөгү сапаттык өзгөрүүлөргө өзгөчө көңүл бурду. Химиялык продукцияны өндүрүүдө (3,1 эсе), фармацевтикада (1,6 эсе), транспорт каражаттарында (+49,5%), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (+30,4%) олуттуу өсүш катталды. Курулуш материалдарын өндүрүү (+39,7%), тамак-аш өнөр жайы (+17,9%), тазартылган мунай продуктуларын өндүрүү (+14,6%) жана негизги металлдарды өндүрүү (+10,5%) туруктуу өсүү көрсөткүчтөрүн көрсөтүүдө.

Отчеттук мезгилде негизги капиталга инвестициянын көлөмү 77,3 млрд сомду түзүп, 25,5%га өстү. Бул динамика ички каржылоо булактарынын 1,2 эсеге жана тышкы булактардын 1,5 эсеге көбөйүшү менен камсыздалды. 

Жыйындын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Вашингтонго болгон иш сапарынын жыйынтыгын чыгарып, эл аралык финансы институттары жана технологиялык корпорациялар менен негизги макулдашууларга жетишилгенин белгиледи.  

Минкаб башчысы бюджеттик пландын так аткарылышынын зарылдыгын баса белгилеп, тиешелүү мамлекеттик органдарга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жазгы талаа иштерин өз убагында жүргүзүүгө көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. 

Жыйындын соңунда мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине 2026-жылдын экинчи кварталына карата коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.