Кыргызстан эли ар жылы 5-майда Конституция күнүн белгилеп келет. Биздин өлкөнүн алгачкы Баш мыйзамы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Бул жөн гана расмий майрам эмес, өлкөнүн саясий жана укуктук өнүгүү жолундагы негизги бурулуш учур.
Баш мыйзам улуттун саясий эркиндигин, жарандын укуктарын жана бийликтин чек араларын аныктап турат. Кыргызстандын Баш мыйзамы бир нече ирет өзгөртүлдү. Ар бир жаңы редакцияда саясий кырдаалга жараша бийлик түзүмү реформаланып турду. 2021-жылы кабыл алынган азыркы Конституция Кыргызстанды президенттик башкаруу формасына өткөн мамлекет катары өзгөрттү.
Конституциянын күчү жана ийгилиги анын талаптарынын аткарылышында. Андыктан Кыргызстандын алдында укуктук маданиятты бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу милдети турат. Мындай пикири менен “Кабар“ агенттигине берген маегинде юридика илимдеринин доктору, Кыргызстандын эл аралык университетинин илим боюнча проректору Нургүл Атабекова бөлүштү.
— Нургүл Каримовна, эгемен Кыргызстандын алгачкы Конституциясы кабыл алынгандан бери 33 жыл өттү. Ал саясий кырдаалдарга байланыштуу улам өзгөртүлүп келди. Акыркы редакциясы эгемендик жылдарындагы ийгиликтер менен кемчиликтерди, коомдун талабын, кыргыздын нарк-насилин эске алуу менен 2021-жылы кабыл алынганы маалы. Бул Баш мыйзамдын өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз?
— 2021-жылы кабыл алынган Конституция заманбап, прогрессивдүү өнүгүп жаткан демократиялуу мамлекеттин Баш мыйзамы болду деп эсептейм. Конституциянын преамбуласында ата-бабаларыбыздын наркын, салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе болуу туурасында айтылган. Мына ушул жерде идеологиябыз жатат. Биздин Баш мыйзамдын дагы бир жаңылыгы — социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, илимге, билимге жана руханий өнүгүүгө умтулганы белгиленген. Идеологиялык вектор ушул жерде да камтылган.
Мен айрыкча ”социалдык мамлекет” деген жобого көңүл бургум келип турат. Конституциялык түзүлүштүн социалдык, экономикалык негиздери биринчи жолу Баш мыйзамда бекитилди. Анын 19-беренесинде мамлекет элдин бакубат жашоосуна, анын социалдык коргоосуна камкордук көрөт деп аныкталган. Бул мамлекеттин социалдык саясатынын өтө чоң мааниге ээ экендигинин, эли жөнүндө кам көргөндүгүн айгинелейт. Аны акыркы мезгилде социалдык саясаттын кызуу ишке ашып жатканынан байкаса болот. Бул беренеде Кыргызстан социалдык кызматтарды, медициналык тейлөөнү өнүктүрөт, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат деп берилген.
Биздин Конституцияда улуттук наркка басым жасалган. Мисалы, 20-берененин 2-пунктунда ата-энени урматтоо жана камкордук көрүү балдардын ыйык парзы деп бекитилген. Бул биздин ата-бабаларыбыздан бери туу туткан салтыбыз. Улуттук өзгөртөлүгүбүздүн Баш мыйзамда орун алуусу, аларды укуктук чөйрөгө келтирүүгө, андан ары күчөтүүгө жол берет. Ал эми 26-беренеде үй-бүлө нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт деп бекитилген. Бул жобо Кыргызстанда салттуу үй-бүлө курууга жол ачат. Өзүңүздөр билгендей, батыш мамлекеттеринде бир жыныстагы адамдарга үй-бүлө курууга жол берилет. Бул биздин улуттук наркка жатпайт.
Өзгөчө белгилөөчү дагы бир жагдай, Конституцияда балдардын татыктуу жашоого укугу бекитилген. 20-берененин 3-пунктунда: ”Балдар — Кыргызстандын эң баалуу байлыгы, мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене бой жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүү менен аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт“ деген жобо бекитилген. Бул абдан прогрессивдүү жобо болуп эсептелинет.
— Кыргызстанда заманбап конституционализмдин тенденцияларына байланыштуу талдоо жүргүзгөн экенсиз? Кандай жыйынтыктарга келдиңиз?
— Биринчиден, биздин 2021-жылы кабыл алынган Баш мыйзамда конституционализмдин тенденциялары кыйла так жана даана чагылдырылганын белгилеп кетейин. Мисалы, адам укуктары жана эркиндиктеринин табигыйлыгы, ажырагыс экени, түздөн-түз аракети, аларды мыйзам жана сот тарабынан коргоо, адам укуктары жана эркиндиктери абсолюттук деп жарыялануусу конституционализмдин тенденцияларына шайкеш келет. Андан сырткары Конституциябыздын 3-беренесиндеги жалпы эки принципти атап кетейин: мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин коррупция үчүн шарттарды түзгөн аракетине жана аракетсиздигине тыюу салуу жана алардын эл алдындагы конституциялык-укуктук жана башка жоопкерчилиги. Муну өлкөнүн өнүгүүсүнө жана мамлекеттик кызматта коррупциянын алдын алууга же жоюуга багытталган аракет деп бааласак болот. Ошондой эле Конституцияда бекитилген беренелерди, жоболорду ишке ашыруу механизмин кеңейтүү зарыл деген ойдобуз. Тиешелүү мыйзамдарды кабыл алып, алардын ишке ашырылуусун камсыздоо керек. Мында бийликтин өзүм билемдигине жол бербөө, ишмердүүлүгүнүн системалуулугун, туруктуулугун, ырааттуулугун камсыздоо жана жогорку кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө үчүн өз алдынча конституциялык мыйзам кабыл алуу максатка ылайыктуу деген жыйынтыктарга келгенбиз.
— Баш мыйзамдын так аткарылышы кандай ийгиликтерге алып келет?
— Баш мыйзамдын ийгилиги анын бардык жоболорунун жарандар жана мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан сакталуусунда жана идеяларынын, жоболорунун ишке ашырылуусунда деп ойлойм. Ал жалпы элдин жана мамлекеттик кызматкерлердин укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлине байланыштуу болот. Укуктук аң-сезимди жогорулатуу үчүн конституциялык баалуулуктарды кеңири жайылтуу зарыл. Бул өңүттөн караганда, юридикалык билим берүүнүн жана юридикалык кесиптин ээлеринин укуктук маданиятынын жогору болуусу жалпы мамлекеттеги мыйзамдардын аткарылуусуна өбөлгө түзөт. Ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдарынын ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүүлүгүн камсыздайт. Былтыртан бери Кыргызстандын Конституциялык соту тарабынан юридикалык багыттагы адистерди даярдаган окуу жайлары менен биргеликте конституциялык угууларды өткөрүп жатабыз. Быйыл 26-28-июнь күндөрү Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлде уюштуруу максатын койгонбуз. Анда Конституциянын беренелерин талкуулап, анын ийгиликтүү ишке ашырылуусун, механизмдерин мыктылоо максатында мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана юристтерди даярдаган окутуучу, окумуштууларды, кызыктар адамдарды чакырып жатабыз.
— Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!