Ички иштер министрлиги аймактык ички иштер бөлүмдөрүнө 30 жаңы унаа тапшырды

Коом 1159 14 Март 2025 13:38
480692902_1037057981776536_8952507158327202176_n.jpg
482083297_1037057985109869_2698453974679195757_n.jpg
481267550_1037057971776537_5370728216936458261_n.jpg
483508302_1037057908443210_2863897786280270650_n.jpg
480919403_1037057901776544_923073986408936125_n.jpg
480607352_1037057911776543_7539113866464144291_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 14-март күнү ИИМдин борбордук аппаратынын имаратынын алдында аймактык бөлүмдөргө жаңы автоунааларды тапшыруу аземи болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкы башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Белгиленгендей, бардык тиешелүү каражаттар менен жабдылган 30 «Нива» үлгүсүндөгү унаалар аймактык бөлүмдөргө бөлүнүп берилди. 

Бул 30 автоунаа милициянын аймактык бөлүмдөрү үчүн алынган. Алардан 10 унаасы - Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын Туристтик-экологиялык милиция бөлүмдөрүнө, 10 унаасы - Ош шаарынын бөлүмдөрүнө жана 10 унаа - Бишкек шаарынын бөлүмдөрүнө берилди.

"Ички иштер министри Улан Ниязбеков өз сөзүндө белгилегендей, иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, аймактардагы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле сервистик тейлөөлөрдү аткаруу үчүн ички иштер органдарынын аймактык бөлүмдөрүн материалдык-техникалык ресурстар менен жабдууга өзгөчө көңүл бурулууда",-деп айтылат маалыматта.