Бишкек, 13.11.25. /Кабар/. Энергетика министрлигинин өздүк каражатына 300дөн ашык атайын техника жана миңден ашык трансформатор сатып алынды. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйынында билдирди.
Министрдин айтымында, жыл аягына чейин дагы жаңы техникалар келет.
“Трансформатордун кубаттуулугу 100 киловатт болсо, 120 киловатты көтөрө албайт да. 100гө келгенде күйүп кетет. Ошол үчүн биз жүздүк трансформаторду 90 киловаттка кармап, 10 киловатты резервге кармап коюп жатабыз. Жылына бир жолу гана абалы текшерилет.
Бюджеттен былтыр 8 млрд 400 млн сом каржыланса, быйыл болгону 2 млрд 400 млн сом бөлүндү. Чыгым үч эсеге азайтылды. Ошондуктан биринчи кезекте коммерциялык жоготуулар, авариялык өчүрүүлөр азайып жатат. Булардын эсебинен биз өз каражатыбызга атайын техникаларды сатып алып жатабыз. Жаңы жылга чейин да техникалар келет. Жалпысынан 300дөн ашык атайын техника жана миңден ашык трансформатор алдык. Көп жерлерде трансформаторлор жаңыларына алмаштырылды. Курултайда да көп маселе көтөрүлгөн. Биз маселелердин 99 пайызын чечтик”, - деди ал.