Бишкек, 18.03.25. /Кабар/. Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи этабы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-23-март күндөрү “Бишкек Арена” муз аянтчасында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи этабы өтүп, ага “Дордой”, “Байзак Баатыр”, “Нарын”, “Алга” жана “КТЖ” командалары катышат.
Белгилей кетсек, жеңүүчүлөргө “Жаштык” дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, кубок жана медалдар тапшырылат.
Эске салсак, чемпионаттын экинчи этабы май айында өтөт.
19-март 1-күн:
20:00 “Алга” – “Дордой”;
21:30 “КТЖ” – Байзак Баатыр”.
20-март 2-күн:
20:00 “КТЖ” – “Алга”;
21:30 “Дордой” – “Нарын”.
21-март 3-күн:
20:00 “Нарын” – “КТЖ”;
22:00 “Алга” – “Байзак Баатыр”.
22-март 4-күн:
19:30 “Дордой” – “Байзак Баатыр”;
21:00 “Алга” – “Нарын”.
23-март 5-күн:
19:30 “КТЖ” – “Дордой”;
21:00 “Байзак Баатыр” – “Нарын”.