Хоккайдо аралында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө Загрузка... 02 Июнь 2025 14:14
WhatsApp Image 2025-06-02 at 12.51.37.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.06.25 /Кабар/. Бүгүн Япониянын Хоккайдо аралынын чыгыш жээгинде күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Синьхуа Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:52де болуп, Япониянын 7 баллдык сейсмикалык интенсивдүүлүк шкаласы боюнча 4 баллга жеткен.

Жер титирөөнүн очогу 7 миңден ашуун калкы бар Хиро кыштагынан 53 чакырым түштүк-чыгышты карай, 173 миң адам жашаган Обихиро шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

EMSC`тин маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу 33 чакырым тереңдикте болгон.

Азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат жок.