Хоккайдо аралында күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Дүйнө 19 июнь 2025 11:11
Хоккайдо аралында  күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бишкек, 19.06.25. /Кабар/. Бүгүн Япониянын чыгышындагы Хоккайдо аралынын жээгинде күчү 6,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Синьхуа кабарлады.

Агенттиктин маалыматына караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:08де аралдын түштүк-чыгыш жээгинде болгон.

“Жер титирөө Хоккайдонун чыгыш жээгинде толкундун 20 сантиметрден ашпаган жылышына алып келиши мүмкүн, бирок зыян келтирбейт”,- деп айтылат маалыматта.