Handicap International уюму: 2023-жылдан бери Газага 70 миң тонна бомба ташталган

Дүйнө Загрузка... 15 Октябрь 2025 17:40
1760525850665998_iV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 15.10.25 /Кабар/. Израилдин армиясы 2023-жылдын октябрындагы аскердик операция башталгандан бери Газа тилкесинде болжол менен 70 миң тонна ар кандай снаряд жана бомба колдонду. Бул сандарды жардыргыч заттардан тазалоо жана жөө аскерлерге каршы миналардын жарылуусунан жапа чеккендерге жардам көрсөтүүчү Handicap International эл аралык бейөкмөт уюмунун өкүлү келтирди, деп билдирет ТАСС.

"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Израилдин күчтөрү 2023-жылдын октябрынан бери Газадагы салгылашуу учурунда анклавга болжол менен 70 миң тонна снаряд жана бомба ташташты", - деп билдирди Палестинада иштеген эл аралык уюмдун өкүлүдеп жазды Maan маалымат агенттиги.

Ал белгилегендей, жарылбай калган снаряддар жана талкаланган имараттардын урандылары "Азыр Газанын дээрлик бардык аймактарында өз үйлөрүнө кайтып жаткан палестиналыктар үчүн чоң коркунуч жаратат.

Handicap International уюмунун өкүлүнүн айтымында, курулуш урандыларынын бир нече метр тереңдиктеги катмарлары, ошондой эле анклавдын калктуу аймактарындагы чектелген мейкиндик аймакта жашоо үчүн өтө кооптуу абалды жаратат. Андан тышкары, ал кошумчалагандай, акыркы эки жылда адистер Газага жарылбаган снаряддар калган эң кооптуу аймактарды жеринде аныктоо үчүн барууга мүмкүнчүлүк алышкан эмес.

Эл аралык уюмдун өкүлү бир нече жолу суранганына карабастан, Израилдин бийлиги жарылбаган бомбаларды, миналарды жана артиллериялык снаряддарды издөө жана зыянсыздандыруу үчүн керектүү жабдууларды жеткирүүгө уруксат берген жок деп билдирди. Бирок, ал кошумчалагандай, үч атайын адистештирилген мина тазалоочу бөлүм Газа чек арасына жакын жайгашкан жана анклавга мүмкүн болушунча кыска убакытта жеткирилиши мүмкүн.

БУУнун адистештирилген агенттигинин анализине ылайык, Израилдин аскерлери Газага таштаган бомба жана снаряддардын 5%дан 10%ке чейинкиси жарылбай калган.

Эске салсак, 6-октябрда Израиль менен палестиналык ХАМАС кыймылынын делегациялары Египет, Катар, АКШ жана Түркиянын ортомчулугу менен Газа тилкесиндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча кыйыр сүйлөшүүлөрдү улантты. 9-октябрда жаңжалдашкан тараптар АКШ президенти Дональд Трамп мурда сунуштаган Тынчтык планынын биринчи фазасын ишке ашыруу боюнча келишимге кол коюшту. Газада ок атышпоо келишими 10-октябрда күчүнө кирди.