Гватемалада автобус жарга кулап, 15 адам каза болду

Дүйнө Загрузка... 29 Декабрь 2025 09:20
5ac2980b-be45-4ed8-9ffb-268e1590404c.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.12.25. /Кабар,/. Гватемалада автобус жарга кулап, 15 адам каза болду. Бул тууралуу Анадолу агенттиги кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгында дагы кеминде 15 адам жаракат алды.

Окуя өлкөнүн батышындагы Тотоникапан шаарынан анча алыс эмес жерде болгон. Азырынча шаар аралык жүргүнчү ташуучу автобус жолдон чыгып, жарга кулап кетишинин себеби белгисиз. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Куткаруучу кызматтар жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүп, жаракат алгандардын айрымдарын жакын жердеги ооруканаларга жеткиришкен.

Кырсыкка байланыштуу Гватемалада үч күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Өлкө президенти Бернардо Аревало жабырлануучулардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, өкмөт жабырлануучулар менен алардын жакындарына колдоо көрсөтүү үчүн колунан келген жардамын берерин билдирди.