Бишкек, 06.12.25. /Кабар/. Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили президент Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктады.
“Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктап, сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан аркы ийгиликтерди каалайм.
Сиздин Кыргызстандын өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө кошкон жеке салымыңыз да, ошондой эле Грузия менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары да тереңдетүүгө даярдыгыңыз да абдан маанилүү.
Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана кызматташтык жаңы бийиктиктерге жетерине ишенем.
Дагы бир жолу сизге жана боордош Кыргызстан элине терең урматтоомду билдирем жана Кыргызстан элине тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.