Грузиянын президенти 49 адамга ырайым берди

Дүйнө Загрузка... 24 Ноябрь 2025 09:30
WhatsApp Image 2025-11-24 at 08.20.02.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.11.25 /Кабар. Грузиянын президенти 49 адамга ырайым берди. Бул тууралуу Интерфакс Грузиянын президенттик администрациясына таянып жазды.

Анда маалымдалгандай, Грузиянын президенти Михаил Кавелашвили 23-ноябрда белгиленүүчү Ыйык Георгий күнүнө байланыштуу 49 адамга ырайым берген.

"Ырайым берүү жаза эркинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды өтөп жаткан 14 адамга, абакта кармалган 34 кишиге тиешелүү болду, ал эми бир адамдын соттуулугу алынып салынды", - деп айтылат билдирүүдө.