Бишкек, 14.11.25 /Кабар/. Грузиянын мурдагы премьер-министри, азыр чет өлкөдө жүргөн "Грузия үчүн" оппозициялык партиясынын лидери Георгий Гахарияга эки кылмыш иши боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Гахарияга 2019-жылдагы "Гавриловдун түнү" аттуу нааразылык акциясынын учурунда бийлик тарабынан күч колдонуу боюнча, ошондой эле Цхинвалиге жакын Чорчана айылындагы полиция бекетин орнотуу иши боюнча айып коюлууда. Ал 13 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Прокуратура аны сырттан камакка алуу боюнча сотко кайрылууга даярданып жатат.
Маалым болгондой, жай айларында Чорчанадагы окуя боюнча тергөө кайра жанданып, кийин Тбилисидеги 2019-жылдын 20–21-июнундагы митингди таркатуу боюнча иш кайрадан каралган.
Тергөөдө Гахария ички иштер министри кызматында турганда демонстранттарды күч менен таратуу буйругун берип, 240тан ашуун адам жаракат алганы айтылууда. Экинчи иш полиция көзөмөл пунктун түзүү чечимине байланыштуу.