Грузияда учак кырсыгынан Түркиянын 20 аскер кызматкери каза болду

Дүйнө Загрузка... 12 Ноябрь 2025 17:25
WhatsApp Image 2025-11-12 at 16.38.20.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Түркиянын Улуттук коргоо министрлиги Грузияда С-130 үлгүсүндөгү аскердик учак кыйрап, 20 аскер кызматкери каза болгонун билдирди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык күн мурун Грузия менен Азербайжандын чек арасында болгон. Түрк аскердик учагы Гянджа аэропортунан учуп чыгып, Грузиянын Сигнаги муниципалитетинин аймагына кулаган.

“Биздин С-130 үлгүсүндөгү аскердик-транспорттук учагы Грузиянын аймагына киргенден бир нече мүнөттөн кийин, чек арадан 5 чакырым алыстыкта радардан жоголгон.

Кырсык болгон жерде бүгүн эртең менен саат 6:30да издөө-куткаруу иштери башталган. Түркиялык жана грузиялык адистер биргелешип тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Учурда учак кырсыгынын себептери иликтенип жатат”, - деп айтылат маалыматта.