Грузияда археологдор белгисиз тилде жазылган такта табышты

Дүйнө Загрузка... 26 Ноябрь 2025 09:20
398b8d50-8f9e-4b97-b214-e106a8063aaf.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Грузиядагы Башплеми көлүнүн аймагынан археологдор базальттан жасалган табышмактуу такта табышты. Анда чегилген жалпы 60 символдун 39у эч бир алфавитке окшобой жаткандыгы белгиленгенин Известия билдирет.

Маалыматка ылайык, базальт жергиликтүү болгону менен андагы текст азырынча табышмак. Алгач 20дан ашык тил менен салыштырма анализ жүргүзүлүп, символдор семит, брахман жана түндүк-иберий жазууларын эске салары аныкталды. Бирок, алардын бирөөнө да так окшош дегенге болбойт.

Окумуштуулар бул такта б.з.ч. IV кылымдагы протокартвель жазуусунун бир бөлүгү болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Ошондой эле финикий, арамей жана байыркы грек алфавиттери менен да айрым окшоштуктары бар экени айтылууда.

60 символдун өтө так жана кылдат жазылышы, ал учурдагы алдыңкы шаймандар колдонулганын көрсөтөт. Археологдордун болжолунда, текстти оюп жазган адам конус сымал бургу жана жылмакай учтуу атайын аспаптарды колдонгон.

Изилдөөчүлөр аны “аскерий олжо”, “маанилүү курулуш” же “кудайга арналган тартуу” сыяктуу темаларды билдириши мүмкүн экенин да айтышууда.