Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Грецияда балдарды тамеки сатып алууга жибергендерге кылмыш жазасы киргизилет. Бул тууралуу Евроньюс агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, эми тамекини сатуу өздүгүн тастыктаган документти көрсөткөндө гана мүмкүн болот.
Грециянын өкмөтү жакынкы күндөрү улуулардын балдарды жана өспүрүмдөрдү тамеки сатып алуу үчүн жөнөткөн адатына чекит койгон мыйзам долбоорун жарыялайт.
Грециянын саламаттык сактоо министри Адонис Жоржиадес бул демилге жаштарды жаман адаттардан коргоо үчүн жасалып жатканын билдирген.
“Мыйзам долбоору жарыяланган күндөн тарта жашы жете электерге алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки сатууга тыюу салынат. Бардык тамеки саткан дүкөндөрдө өздүк күбөлүктү көрсөтүүнү милдеттүү түрдө киргизебиз”, - деген ал.
Мыйзам долбоорунда жашы жете электерге атайылап спирт ичимдиктерин берген дүкөн ээлерине катаал жаза чаралары каралат.