Грецияда 13 сааттык жумуш күнү расмий түрдө киргизилди

Дүйнө Загрузка... 17 Октябрь 2025 16:50
WhatsApp Image 2025-10-17 at 16.28.22.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Греция парламенти иш берүүчүлөргө жумушчулар үчүн 13 сааттык жумуш күнүн белгилөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору катуу нааразылык акцияларына, иш таштоолорго жана парламенттеги талаш-тартыштарга карабастан кабыл алынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Грециянын эмгек министри Ники Керамеос "13 сааттык жумуш күнү" терминин туура эмес деп эсептей турганын билдирген.

Анын айтымында, иш берүүчү мындай графикти жылына болгону 37 жолу гана колдоно алат жана жумушчуларга саатына 40 пайыз көбүрөөк акы төлөнүшү керек.