Google шылуундардын шектүү билдирүүлөрүн таануу мүмкүнчүлүгүн ишке киргизди

Дүйнө Загрузка... 04 Декабрь 2025 08:55
1764756936206355_1200x630.png
copyright icon WWW

Бишкек, 04.12.25. /Кабар/. Эми Google`дын визуалдык издөө функциясы — Circle to Search шектүү билдирүүлөрдү жана веб-контентти анализдеп, жасалма интеллектке негизделген AI Overview куралын колдонуу менен санариптик шылуундарды тааный алат.

АЗЕРТАЖ Google компаниясынын сайтына шилтеме берип билдиргендей, шылуундардын кеңири таралган тактикаларынын бири – бул SMS аркылуу да, мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу да жасалма тексттик билдирүүлөрдү жөнөтүү. Бул билдирүүлөр көбүнчө акча талап кылууну же суроону жана зыяндуу сайттарга шилтемелерди камтыйт.

Көп учурда шылуундардын билдирүүлөрүн өз алдынча таануу кыйын, анткени алар чыныгы билдирүүлөрдөн айырмаланбайт. Эми эгерде билдирүүгө же текстке шектенүү пайда болсо, колдонуучу Circle to Search аркылуу ал фрагментти тегеректеп койсо жетиштүү болот, ошондо Google интернеттеги маалыматтарга таянып, билдирүүнүн зыяндуу экендигин аныктаган жасалма интеллектин баяндамасын берет. Эгер билдирүү чындап эле шылуундук болсо, баяндамасында мындан аркы аракеттер боюнча тиешелүү сунуштар берилет.

Мындай мүмкүнчүлүк Google Lens'ке да кошулган. Бул үчүн тексттин скриншотун жасап, аны ушул тиркемеге жүктөө жетиштүү.