Google 13 миң эсе ылдамыраак кванттык алгоритм иштеп чыкты

Дүйнө Загрузка... 23 Октябрь 2025 09:10
1a38090d-4102-4ccf-acdd-f7e7e146c680.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек. 23.10.25 /Кабар/. АКШнын Google компаниясы жаңы Quantum Echoes аттуу кванттык алгоритм иштеп чыкты. Ал азыркы эң күчтүү суперкомпьютерлердин алгоритмдеринен 13 миң эсе ылдамыраак иштей тургандыгын Интерфакс билдирет.

Анда белгиленгендей, бул алгоритм Google компаниясынын өзүнүн кванттык процессорунда иштейт жана кванттык эсептөөлөрдү практикалык колдонууга жакындаткан маанилүү кадам болуп эсептелет. Азырынча мындай технологиялар негизинен изилдөө иштеринде колдонулат.

Google өкүлдөрүнүн айтымында, келечекте Quantum Echoes молекулалардын түзүлүшүн так өлчөөгө жардам берип, жаңы дары-дармектерди жана материалдарды иштеп чыгууда чоң мүмкүнчүлүк жаратат. Ошондой эле ал сапаттуу маалыматтар жетишсиз болгон биологиялык жана башка илимий тармактар үчүн да пайдалуу маалымат топтомдорун түзүүгө жардам берет.