Бишкек, 01.12.25. /Кабар/. Ушул аптанын башында Гонконгдогу турак жай комплексинде чыккан өрт 146 адамдын өмүрүн алды, деп Sky News билдиргенин БелТА агенттиги кабарлайт.
Маалыматка караганда, дагы 100 адам дайынсыз болууда.
Буга чейин каза болгондордун саны 128ди түзгөн.
Өрт өткөн шаршембиде Тайпоу округундагы турак жай комплексинен чыккан.
Имараттардын биринин сыртында жайгашкан бамбуктан жасалган каркас жана курулуш торлору өрттөнүп кеткен. Өрт тез жайылып, көп өтпөй башка имараттарды да каптаган.
Турак жай комплекси тууралуу маалыматка ылайык, дээрлик 2 миң батирде болжол менен 4800 тургун, анын ичинде көптөгөн улгайган адамдар жашаган. Комплекс 1980-жылдары курулган.
Гонконгдогу турак жай комплексиндеги өрт 17 жылдагы эң ири өрт болуп саналат.