Гонконгдо ири өрт чыкты — 44 адам каза болду

Дүйнө 27 Ноябрь 2025 10:00
upload-2025-11-26T102909Z_1264531692_RC294IAM51VJ_RTRMADP_3_NONGKONG-FIRE-pic_32ratio_900x600-900x600-40219.jpg
WhatsApp Image 2025-11-27 at 08.51.59.jpeg
2057807140_0_160_3073_1889_1920x0_80_0_0_53d2bbae6b547e951178589222ebc5da.jpg
2057715744_0_58_3078_1789_1920x0_80_0_0_db1d2414184d7613c5ed4007a23c2491.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Гонконгдогу көп кабаттуу үйдөн өрт чыгып, каза болгондордун саны 44гө жетти, деп CNN билдиргенин Интерфакс жазды.

Маалыматка караганда, имараттагы дагы 279 тургун менен байланыш боло элек. Тилсиз жоодон кийин 29 адам ооруканага жаткырылган. Алардын кеминде жетисинин абалы оор.

Окуя болгон жерден 700гө жакын адам эвакуацияланган.

Көп кабаттуу үйдө 2 миңге жакын батир бар экени жана болжол менен 4800 тургун жашай турганы айтылган.

Өрттүн себеби иликтенүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт имараттардын биринин сыртында жайгашкан бамбуктан жасалган каркас жана курулуш торлорунан тутанган. Өрт тез жайылып, көп өтпөй имараттарды каптаган.