Гонконгдогу ири өрт: 13 киши камакка алынды

Дүйнө Загрузка... 02 Декабрь 2025 16:55
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.12.25 /Кабар/. Гонконгдун полициясы "Ван Фук Корт" турак жай комплексинде чыккан ири өрткө күнөлүү деп 13 адамды камакка алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги билдирди.

Маалыматка караганда, өрт имаратта колдонулган курулуш материалдарынын стандарттарга жооп бербегенинен улам келип чыккан. Тагыраагы, алынган 20 курулуш торчосунун жети үлгүсү өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербейт. Бул торчолор полиуретан көбүгү менен аралашып, өрттүн ыкчам жайылышына себеп болгон.

Гонконг администрациясынын башчысы Жон Ли кырсыкты иликтөө үчүн көз карандысыз комиссия түзүлөрүн айткан.

Анын айтымында, өрттөн 150дөн ашык адам каза болуп, 79дан ашуун адам жаракат алган. Учурда полиция болжол менен 30 дайынсыз жоголгон адамды издөөнү улантууда.

Кырсык Гонконг тарыхындагы эң оор жана ири өрт. Комплексте 2 миңдей батирде 4 миңге жакын тургун жашайт.

Алдын ала маалыматтарга караганда, имараттын сырты бамбук менен капталып чыккандыктан, ыргытылган тамеки кырсыктын чыгышына себеп болушу мүмкүн.